Япониянын Өкмөтү Кыргыз Республикасына 1 млрд 787 млн япониялык иен (1 млрд 639 миң доллар) грант бөлөт. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирет.
ЖК бюджет жана финансы боюнча комитети «Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу» долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Япон Өкмөтүнүн жана КР Өкмөтү менен Эл аралык кызматташтыктын Япон агенттигинин (JICA) ортосунда «Талас-Тараз» автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу» долбоору боюнча Гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, Япон Өкмөтү Кыргызстанга 1 млрд 785 млн япон иени өлчөмүндө грант берүү чечимин кабыл алды.
«Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү кайра куруу» долбоору Казакстан менен автотранспорттук байланышты камсыздаган «Талас-Тараз» автожолунун 82 км иштеп турган көпүрөнүн ордуна, Үйүрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрө курууну караштырат. Ошону менен бирге, долбоордо кыймылдын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоо максатында көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу белгиленген.