Нарындагы «Долон» кар көчкү станциясына 5,6 млн доллар сарпталды

17.05.2023, 11:06 Акчабар
Нарындагы «Долон» кар көчкү станциясына 5,6 млн доллар сарпталды

Нарында “Долон” кар көчкү жана кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө станциясы курулду. Ага Япония 5 млн 373 миң 811 доллар грант берсе, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы 246 миң 434 доллар бөлгөн. Бул тууралуу БУУӨПтөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Япония өкмөтү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашты.

Долбоор Кыргызстанда тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу боюнча потенциалды жогорулатуу жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт.

“Долон” жана “Чапчыма” кар көчкү станциялары курулуп, пайдаланууга берилди, алар жалпы метеорологиялык байкоо, кар катмарынын мониторинги жана кар көчкү коркунучун болжолдоо үчүн арналган. Кар көчкү станциясы калкка реалдуу убакытта так маалымат берип, кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала эскертет. Калктын коопсуздугун жакшыртат”, - деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу