Ысык-Ата районунда 4,5 миң тургун таза суу менен камсыз болот

15.05.2023, 10:35 Акчабар
Ысык-Ата районунда 4,5 миң тургун таза суу менен камсыз болот

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ичүүчү суу тутумун реабилитациялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу системасын реабилитациялоого республикалык бюджеттен 68 млн. сом бөлүнгөн. 

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Ата районунун жашоочулары ичүүчү суунун жоктугуна байланыштуу бир нече жолу кайрылышкан. 

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан 200 метр тереңдиктеги артезиан скважинасы казылууда. Оңдоо иштери аяктагандан кийин 4500дөн ашык адам таза суу менен камсыз болот.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу