Түп районунун Күрмөнтү айылында кызыл кирпич чыгаруучу чакан завод курулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган заводду жергиликтүү ишкер курууда. Ал 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна долбоор менен кайрылып, 7 млн 500 миң сом пайызсыз насыя алган.
Алган каражатын кирпич өндүргөн ишкана ачууга жумшап, тийиштүү жабдыктарды жана техника сатып алган. Учурда ишканада 10 кызматкер эмгектенет. Ал эми завод толук кандуу ишке киргенде кошумча кызматкерлер алынат.
“Ысык-Көл облусунда кирпич өндүргөн ишканалар жокко эсе. Андыктан суроо-талап жогору болуп, курулушчулар Бишкектен ташып келүүгө аргасыз болууда. Ал жаңы ишкананын ишке кириши менен сапаттуу жана баасы салыштырмалуу арзан болгон кирпичтер чыгарыла баштайт”, - деп айтылат маалыматта.