2020-жылдын январь айынан ноябрга чейин Кыргызстандан которулган акчанын көлөмү 440.5 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
маалыматка ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү Россияга которулган — 428 млн доллар. Андан соң алыскы чет өлкөлөргө — 6.4 млн доллар жана Казакстанга — 4.4 млн доллар которулган.