2019-жылы республикада 375 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 миң 55 тоннага же 2.2% көп болгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Эт өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы малдардын жана үй канаттуулардын саныны артышы менен байланыштуу. Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, бодо малдын саны өткөн жылга салыштырмалуу 51 миң 862 башка, кой жана эчки - 900 миң 174 башка, ат - 17 миң 355 башка жана үй канаттуулары 99 миң 279 башка көп болгон.
Бардык облустар 2018-жылга салыштырмалуу этти көп өндүрүшкөн.