2020-жылдын 5 айынын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгы 518 бажылык укук бузуу фактысын аныкташкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдашты.
Алардын ичинен:
1. Бузуулардын бирдиктүү реестрине – 418 факты катталган.
Анын ичинен кайра өндүрүлгөн сумманын көлөмү - 2,1 млн. сомду түзгөн.
Бажы төлөмдөрү 45,4 млн. сом суммасында төлөндү.
2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине – 100 факты катталды, алардын ичинен:
223-берене «экономикалык кылмыш» – 78 факты;
230-берене «бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу» – 17 факт жана башка.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын орду 12,1 млн. сомго толтурулган.
Жалпысынан, 2020-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджетке кошумча 59,7 млн. сом түшкөн.