Көмүр өндүрүү тармагы 707,3 миң тонна көмүр өндүргөн. Бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,1 пайызга көп. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Эмиль Осмонбетов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, республиканын түндүк аймагынан - 239 миң тонна көмүр, түштүгүнөн - 468.3 миң тонна көмүр өндүрүлгөн.
1-августка карата 71 от казандар капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Буга кошумча республика боюнча 768 отун базалары жана көмүр сатуу пункттарын ачуу күтүлүүдө.