Көмүрдүн орточо чекене баасы 2020-жылдын 30-декабрына карата, декабрь айынын башына салыштырганда, республика боюнча орто эсеп менен тоннасына 97,3 сомго же 2% га төмөндөгөн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин сайтында маалымдалды.
Ошентип, учурда көмүрдүн чекене баасы Баткен шаарында тоннасы 5,7 миң сомго белгиленди. Ошол эле учурда, чекене сатуунун минималдуу баасы Нарын шаарында байкалууда - тоннасына 3,5 миң сом.
Көмүр Баткенде эң кымбат болгонуна карабастан, аймакта көмүрдүн чекене баасы баарынан көп - 11,5% га төмөндөдү.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилинде көмүрдүн кымбатташынын негизги себеби - сезондук фактор.