Бүгүн Улуттук банктын алтын куймаларынын унцийин кайра сатып алуу 172 миң 500,5 сомду түздү.
Кечээ, 21-августта көзөмөл органы элден 31,1035 грамм салмактагы куймаларды 172 миң 840 сомго сатып алган. Ошентип, дем алыш күндөрү баа 339,5 сомго, же 3,85 долларга төмөндөдү.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктын алтын куймасынын бир унцийин 175 миң 88 сомдон сатып алууга болот.