Акыркы эки жылда Кыргызстанда аскердик техникаларды сатып алууга 100 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу экинчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө белгилүү болду.
Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө жок “Байрактар”, “Аксүнгүр”, “Акынжы” сыяктуу дрондор сатылып алынган.
Мындан тышкары учак паркы жаңыланды. Кезинде тонолгон же ижарага берилип кеткен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да жаңы техникалар берилди.