Дүйнө жүзү боюнча дандын керектөөсү 2020-2021-жылдары болжолго ылайык, 2.7 млрд тоннаны түзөт. Бул мурунку мезгилдерге салыштырмалуу 52 млн тоннага көп. Бул тууралуу БУУнун документтеринде айтылат.
Маалыматка ылайык, мындай өсүштүн негизги себеби Кытайда тоют үчүн, дандын активдүү колдонулушунан улам болгон. 2021-жылы буудай жана күрүчтүн дүйнө жүзү боюнча колдонулушу болжол менен 0.7% жана 1.8% өсүшү мүмкүн.
Дандын запастары 2.2% кыскарып, 801 млн тоннаны түзүшү мүмкүн. Бул акыркы 5 жыл ичиндеги эң төмөн көрсөткүч. Запастын көлөмүнө ылайык, дан колдонуу дүйнө жүзүндө 28.3% кыскарышы мүмкүн. Бул акыркы 7 жыл ичиндеги эң максималдуу төмөн көрсөткүч.
Дүйнө жүзү боюнча 2020–2021-жылдары болжол менен 465.2 млн тонна дан сатылышы мүмкүн, бул мурунку мезгилдерге салыштырмсалуу 5.7% көп.