Бир жылда Кыргызстанда картошка дээрлик 6 сомго арзандады

01.05.2023, 16:55 Акчабар
Бир жылда Кыргызстанда картошка дээрлик 6 сомго арзандады

Ушул жылдын апрель айынан тарта картошка кымбаттады. Айдын башында картошка 35,7 сомдон болсо, айдын аягында 37,2 сомго чейин көтөрүлгөн. Апрель айында орточо баа 35,9 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Картошканын баасы эң көп Кара-Балта шаарында (+3,05 сом), Покровка айылында (+2,8 сом) жана Ош шаарында (+2,7 сом) кымбаттады.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын апрелинен быйылкы жылдын апрелине чейин картошка 5,9 сомго арзандаган. 

Эскерте кетсек, 2022-жылдын июнь айында картошканын баасы 46,3 сомго чейин көтөрүлгөн. 

 

Тэги: новости Кыргызстана картофель картофель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу