2021-жылдын январь-февраль айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө аянты 13,9 миллион чарчы метрди түзгөн турак жай пайдаланууга берилди. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр 13,8% га жогорулагандыгын Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Турак жай курулушунун өсүшү ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде белгиленди. Эң жакшы көрсөткүчтөр Беларусияда (34,4%). Орусияда индекс 13%, Казакстан - 12,8%, Армения - 11,1% жана Кыргызстан - 6% түздү.
Бүтүрүлгөн курулуш иштеринин жалпы көлөмү 13,7 миллиард долларды түзгөнү маалым болду.