Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында "Кепилдик фонду" ААК 277,6 миллион сом суммасында 223 кепилдик берген. Ошол эле учурда, өнөктөш банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмү 933 миллион сомду түздү (кепилдиктердин үлүшү 30%). Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан ишмердүүлүк башталгандан бери ишкерлерге 2 миң 569 миллион сом суммасында 1 миң 905 кепилдик берилген. Берилген насыялардын көлөмү 8 миллиарддан ашып, 8 миллиард 842 миллион сомду түздү (кепилдиктердин үлүшү 29%).