Июлдун аягында кыргыз коммерциялык банктарынын депозиттик портфели 202,6 миллиард сомго жеткен. Улуттук банктын отчетунда айтылгандай, бир айда өсүш 833 миллион сомду түздү.
Орточо пайыздык чен 3,8%га чейин жогорулады. Улуттук валютадагы депозиттердин көлөмү 116,6 млрд сом, чет өлкөлүк валютада - 86 млрд сом болду.