2023-жылдын 11 айында жер-суу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Жер-суу көзөмөлдөө кызматы тарабынан жарандарга 4 млн 288,5 миң сом айып салынган, анын ичинен республикалык бюджетке өндүрүлгөн каражаттын суммасы 3 млн 414,6 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу “Акчабарга” Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызмат тарабынан пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөр, анын ичинде укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүлөр учурунда 1635 мыйзам бузуу аныкталган. 11 айда кызмат 1048 текшерүү, укук коргоо органдары менен биргеликте 429 текшерүү жүргүзгөн.