Бир жума ичинде 1 грамм алтындын баасы 35 сомго кымбаттады. 13 - ноябрдан тарта баалуу металлга болгон баанын саны өсүүдө. Бул маалыматты Улуттук банк билдирет.
Улуттук банкта 19-ноябрда бир куйма алтындын баасы 4 миң 785 сомду түзгөн. Ал эми 13-ноябрь күнү бир куйма алтынга болгон баа 4 миң 750 сомду түзүп, 35 сомго арзан болгон.
Бир жыл ичинде баалуу металлга болгон баа 13% (же 1 граммдын баасы 553.5 сомго) кымбаттаган. Учурда алтындын 1 граммга болгон баасы 4 миң 809 сомду түзөт.