Өткөн жумада, 31-январдан 4-февралга чейин банктар аралык валюта тооруктарда коммерциялык банктар 36,5 млн доллар сатып алышкан.Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.
Бир жума мурункуга салыштырмалуу 24-январдан 18-январга чейинки аралыкта банктар 107,15 млн доллар сатып алышкан, коммерциялык банктар арасында чет элдик валютага суроо-талап 2,9 эсеге кыскарган.
Кошумчалай кетсек, ири соода-сатык 1-февралда болуп, банктар 10 млн долларды сатып алышкан. Аны менен бирге өткөн аптада доллардын орточо сатып алуу курсу 84,79 сомду түзсө, курс бир жумада мурдагы деңгээлде сакталган