Улуттук банктын алтындын аффинаждалган куймаларын кайра сатып алуу наркы 1-ноябрга карата 155,7 миң сом деп белгиленди.
Ошол эле маалда бир жума мурун Улуттук банк куймалардын унциясын 159 миң сомдон сатып алууга даяр болгон. Ошентип, бир жумада унций 3293,5 сомго же 38,8 долларга арзандады.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктан аффинаждалган алтындын унциясын 158 миң 43 сомдон сатып алууга болот.