Улуттук банк тарабынан аффинаждалган алтын куймаларынын бир унцийин кайра сатып алуу наркы 18-июлга карата 143 миң 829 сом деп белгиленди. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланды.
Апта ичинде унция 3,78%га же 32,4 долларга арзандады.
Бүгүнкү күндө Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 182 миң 602 сомдон сатып алууга болот.