Балыкты мыйзамсыз кармап жүргөндөргө 176 миң сом айып пул салынды

28.11.2019, 11:30 Акчабар
Балыкты мыйзамсыз кармап жүргөндөргө 176 миң сом айып пул салынды

26-ноябрда мал чарба жана балык департаменти, Аламүдүн районундагы Ала-Арчадагы мыйзамсыз балык кармагандар боюнча иш чара жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын жашоочулары Самсонов Николай Дмитриевич жана Побегайлов Данил Александрович кармалган. Кармалган жарандар балыкты эч кандай уруксат кагазы жок жана тыюу салынган синтетикалык торлор менен кармап жүрүшкөн. 

Текшерүү учурунда аларга таандык автоунаанын ичинен балык кармоого тыюу салынган 100 метрлик синтетикалык 5 тор  жана 382 даана балык табылган.  Кармалган жарандарга 176 миң 852 сомго айып пул салынган.

 

 

Тэги: незаконный лов рыбы штраф

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу