Быйылкы жылдын үч айында Кыргызстандан жалпы суммасы 2 млрд 550 млн 927,2 миң сомго 792 миң 22 тонна көмүр экспорттолду. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин сайтында берилген.
Анын ичинен 434 миң 579 тоннасы 1 млрд 524 млн 378,5 сому таш көмүр, 357 миң 443 тоннасы 1 млрд 26 млн 548,7 сому күрөң көмүр.
Көмүрдүн басымдуу бөлүгү Өзбекстанга (1 млрд 803 млн 863 миң сомго), Румынияга (337 млн 199,7 миң сомго) жана Голландияга (188 млн 207,9 миң сомго) жеткирилген.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде Румыния, Казакстан, Кытай, Польша, Словакия жана Түркияга көмүр азыраак экспорттолгон.