Жарым жыл ичинде “Кыргызалтындын” таза кирешеси 119.2 млн. сомду түзгөн

25.09.2019, 09:02 Өнөктөштүк макаласы
Жарым жыл ичинде “Кыргызалтындын” таза кирешеси 119.2 млн. сомду түзгөн

2019 – жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен  ААК “Кыргызалтындын” таза кирешеси 119.2 млн. сомду түзгөн. 2018 – жылдын  таза киреше болгону 8.5 млн. сомду түзгөн. Бул маалыматты ААК “Кыргызалтындын” жалпы кызматкерлерге болгон жыйында 24-сентябрда маалымдалган. 

Мындай жакшы көрсөткүчкө жетишкендин бирден-бир себеби, биргелешкен ишканаларды ишке ашырууда инвестицияларды тартуу болгон деп билдирет  ААК “Кыргызалтындын” төрагасы Алмаз Алимбеков.

«Терек-Сай кенин иштеп чыгуу үчүн турциялык инвесторлор тартылган. Бүгүнкү күндө жаңылоо иштерине керектелүүчү бардык  каражаттар сарпталган. Андан сырткары, Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” астындагы ОсОО “МакмалГолдКомпаниыиясы” менен биргеликте иш алып баруу түзүлгөн. Учурда 300гө жакын жаран жумуш орду менен камсыз болду. Анын ичинен 283 жаран жергиликтүү тургундардан. Жыл аягына чейин аталган комбинатта жергиликтүү тургундар үчүн 500 орунга чейин жумуш ордун түзүү пландалууда», —деп билдирди  Алмаз Алимбеков. 

ААК  “Кыргызалтында” иштеген кызматкерлердин эмгек акысы 2019 – жылдын биринчи жарым жылдыгында 30% көтөрүлгөн. Эмгек акы убагында төлөнүп жаткандыгын жана тийиштүү социалдык пакет дагы каралгандыгын ишкананын жетекчиси  кошумчалады. 
Жыйындын соңунда, жаңы убакытка профсоюздук комитет жана башка профоргандар, ошондой эле профсоюздук коммитеттин өкүлү болуп Таштан Мамбеталиев шайланды. 

 

Тэги: Кыргызалтын золото профсоюзы прибыль экономика горнорудка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу