2021-жылдын январь-июнь айларына пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо 24 миллиард 932,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Региондор боюнча, төлөмдөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн.
- Бишкек шаары - 4 миллиард 76,6 миллион сом;
- Чүй облусу - 3 миллиард 835,9 миллион сом;
- Нарын облусу - 1 миллиард 989,4 миллион сом;
- Ысык-Көл облусу - 2 миллиард 274,3 миллион сом;
- Талас облусу - 1 миллиард 31,9 миллион сом;
- Ош шаары - 894,9 млн сом;
- Ош облусу - 4 миллиард 563,9 миллион сом;
- Баткен облусу - 1 миллиард 993,1 миллион сом;
- Жалал-Абад облусу - 4 миллиард 272,5 миллион сом.
2021-жылдын июнь айына карата пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо 4 миллиард 178,1 миллион сомду түздү.