Ушул жылдын 15-ноябрында Улуттук банк мамлекеттик 3 жылдык казына милдеттенмелерин кошумча жайгаштырууну өткөрөт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Эмиссиянын пландалган суммасы 500 миллион сомду түзөт. Сунушталган кирешелүүлүк 11,5%, бир баалуу кагаздын номиналдык наркы 83,89 сом.
Жыл башынан бери мамлекеттик баалуу кагаздарды - векселдерди жана облигацияларды чыгаруудан республикалык бюджетке иш жүзүндө 9 миллиард 521,8 миллион сом түшкөнүн кошумчалайбыз.