2019-жылдын 1-сентябрына карата дем берүүчү гранттын эсебинен 195 долбоор каржыланды

05.09.2019, 14:33 Акчабар
2019-жылдын 1-сентябрына карата дем берүүчү гранттын эсебинен 195 долбоор каржыланды

2019-жылдын 1-сентябрына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылоого берген билдирмелерине ылайык республикалык бюджеттен «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча жалпысынан 222 млн 253,9 миң сомго 195 долбоор каржыланды, анын ичинен 1 долбоор толугу менен бүткөрүлдү.  Бул тууралуу КР Финансы министрлиги маалымдады. 

Эске сала кетсек, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында «түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 600 млн сом каралган. 

Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын жыйынынын 2019-жылдын 15-мартындагы №15-01/15 протоколуна ылайык 2019-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен ишке ашырууга 247 долбоор бекитилген, аларды каржылоого республикалык бюджеттен 599 млн 699,5 миң сом талап кылынары белгиленген. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобо боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин мобилизациялык ресурстарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактарга кошумча кош каржылоо түрүндө берилет.

Бир долбоорго республикалык бюджеттен бөлүнгөн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эң жогорку суммасы 3 млн сомдон ашпоого тийиш.

Келишимдерди дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан төлөөлөр аяктагандан кийин транш боюнча ишке ашырылат. Биринчи транш жергиликтүү бюджеттердин өздүк акчалай салымдарынын жана тартылган каражаттардын жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын каражаттарын кошо каржылоонун эсебинен долбоорлордун жалпы суммасынын 30% өлчөмүндөгү аванс менен каржыланат. Кийинки төлөмдөр аванстык төлөмдөрдү алып салганда келишим боюнча долбоордун наркынын 20%ынан кем эмес өлчөмдү түзгөн иштерди иш жүзүндө аткаруу жөнүндө тапшырылган отчеттун негизинде каржыланат. Курулуш иштерине келишим боюнча долбоордун наркынын 5% өлчөмүндөгү акыркы траншы долбоорду аяктоо жөнүндө отчёт тапшырылгандан кийин каржыланат.

 

Тэги: госфинансирование финансы экономика проекты регионы стимгранты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу