Жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча “Газпромдун” Кыргызстандагы салык төлөмдөрү 3,3 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын ушул эле мезгилиндеги төлөмдөрдүн көлөмүнө салыштырмалуу өсүш (2 млрд 659 млн сом) 25%дан ашыкты түздү.
"2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча "Газпром" үчүн Социалдык фондго төлөмдөрдү кошкондо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык чегерүүлөрдүн көлөмү 1 млрд 950 млн сомду түздү. II квартал боюнча - 1 млрд 412 млн сом", - деп белгиледи ишкана.
“Газпром” компаниялар тобунун ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө мамлекеттик бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 69 миллиард сомдон ашык каражат түшкөн.