“Инфоком” мамлекеттик мекемеси “РСК Банк” жана Банктар аралык процессинг борбору менен биргеликте ЗАГС жана транспорт каражаттарын каттоо боюнча “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматтары үчүн QR код аркылуу онлайн төлөм жүргүзүүнү ишке киргизди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Эми "РСК 24" жана "Элкарт Мобайл" тиркемелеринин колдонуучулары QR-код аркылуу мамлекеттик кызматтар үчүн тез жана кассага барбастан эле төлөй алышат. Жогорудагы мобилдик тиркемелерде Кыргызстандын каалаган мамлекеттик жана коммерциялык банктарынын карталарын байланыштырууга болот”, - деп түшүндүрдү басма сөз кызматы.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги келечекте бул мүмкүнчүлүк башка мамлекеттик кызматтарда да пайда болорун убада кылууда.