Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ушу убакка чейин 434 млн долларга 2,9 миң долбоорду жактырган

19.04.2021, 09:18 Акчабар
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ушу убакка чейин 434 млн долларга 2,9 миң долбоорду жактырган

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жалпы суммасы 434 миллион долларга 2926 долбоорду жактырган. Мындай маалыматты фонддун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев президент Садыр Жапров менен жолугушууда билдирди. 

Ал кошумчалагандай, алардын ичинен 2020-жылы фонд 53,6 миллион долларга 475 долбоорду жактырган (берилген каржылоонун жалпы көлөмүнүн 12,3%). Бекитилген долбоорлордун жалпы санынын 83,5% өлкөнүн аймактарына туура келген.

“Фонд 2020-жылы айыл чарбасында кластердик демилгелерди колдоо боюнча программаларды, чакан жана орто бизнес үчүн кризиске каршы чаралардын үч пакетин иштеп чыгып каржылаган. Ошондой эле, ишмердүүлүгү коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган компанияларды жеңилдетилген каржылоону бекитти", - деди Аалиев.

КОӨФ башчысы каржылоонун 54% өндүрүш, агроөнөр жай комплекси жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы долбоорлорго туура келгенин баса белгиледи.

Тэги: РКФР финансирование деньги бизнес Азиз Аалиев Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу