Дем алыш күндөрү Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтын куймаларынын унциясы 1,9%га кымбаттады. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Алсак, 25-июлга карата кайра сатып алуу баасы 144 миң 221 сом деп белгиленди. Буга чейин, 22-июлда кайра сатып алуу 141 миң 545 сомду түзгөн.
Ошентип, алтындын унцийинин кайра сатып алуу баасы 2 миң 676 сомго же 33,5 долларга жогорулады.
Кошумчаласак, 25-июлдагы маалыматка ылайык, Улуттук банктын аффинаждалган алтын куймасынын унциясын 182 миң 602 сомдон сатып алууга болот.