Бүгүн, 21-ноябрда Улуттук банктын алтын унцийи калктан 153 миң 594 сомго сатылып алынды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтына жарыяланды.
Буга чейин, 18-ноябрда Улуттук банктан алтын куймасынын унций баасы 154 миң 197 сомду түзгөн. Ошентип, дем алыш күндөрү унций 0,39%га, же 603 сомго (7 доллар) арзандады.