2020-жылдын январында пенсия жана пособияларды каржылоо 3 млрд 931 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу КР Социалдык фондунун басма сөз кызматы кабарлады.
Каржылоонун шаарлар жана облустар боюнча көлөмү:
- Бишкек шаары – 635,7 млн сом;
- Чүй облусу – 609,1 млн сом;
- Нарын облусу – 316,3 млн сом;
- Ысык-Көл облусу – 355,5 млн сом;
- Талас облусу – 162,4 млн сом;
- Ош шаары – 141,2 млн сом;
- Ош облусу – 727,7 млн сом;
- Баткен облусу – 315,3 млн сом;
- Жалал-Абад облусу – 667,8 млн сом.
Тэги: выплата пенсий пособии январь 2020