«Бугу» жана «Макиш» базарлары Каракол шаардык мэриясына өткөрүлдү

28.03.2024, 09:43 Акчабар
«Бугу» жана «Макиш» базарлары Каракол шаардык мэриясына өткөрүлдү

Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол шаарындагы "Бугу" жана "Макиш" соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган Р.А.Т. узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн соода базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталып, анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу түрдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына, аянты 1,14 гектар, наркы 233 млн сомдон ашык "Макиш" жана "Бугу" соода базарлары өткөрүлүп берилди.

Тэги: новости Кыргызстана Бугу Макиш Каракол

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу