Сентябрдын аягында бизнестин комбанктарга карызы 115 млрд сомдон ашты

17.11.2021, 11:16 Акчабар
Сентябрдын аягында бизнестин комбанктарга карызы 115 млрд сомдон ашты

Ушул жылдын сентябрынын соңуна карата кыргызстандыктардын коммерциялык банктарга 175 миллиард 643,7 миллион сом (сом жана чет элдик валютадагы насыялар) карызы бар. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду. 

Бул суммага жөнөкөй жарандардын жана ишкерлердин банктардан алган акчалары кирет. Анын 65,6%ы же 115 млрд 284,6 млн сому бизнестин карыздары.

Ошол эле учурда сентябрь айынын аягында ишкерлердин коммерциялык банктар алдындагы милдеттенмелеринин басымдуу бөлүгү соода, айыл чарба жана курулуш тармагында белгиленген. Бул тармактар ​​бардык бизнес кредиттеринин дээрлик 83% түзөт.

Керектөө насыялоодо жарандардын банктарга эң көп карызы 20 миллиард 862,2 миллион сом.

Тэги: кредиты комбанки бизнес кыргызстанцы деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу