Кечээ, 10-февралда өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдер боюнча орточо алынган кирешелүүлүк 8,95%ды түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.
Эске салсак, аукциондо мамлекеттик векселдерди жайгаштыруунун эсебинен бюджетке 50 млн сом тартуу пландалган. Ошол эле учурда 20-январдагы аукционго салыштырмалуу анын кирешелүүлүгү 0,47 пайыздык пунктка жогорулаган. Муну менен өлкөнүн 12 айлык баалуу кагаздар линиясы боюнча кредиттери 5,5%га өстү.
Белгилей кетсек, 14-февралда Улуттук банк казына векселдерин кошумча жайгаштырууну пландап жатат. Анда эмиссиянын суммасы 50 млн сомду түзөт, бир баалуу кагаздын баасы 91,7 сом деп белгиленген.