Заир Чокоев менен Манас Жакыпов Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы кечээ кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Президенттин башка буйруктары менен Мээрим Момункулова жана Айнура Тезекбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулушту.