Атамекендик ишканалар кошумча нарк салыгынан 80%  бошотулду

09.01.2020, 15:00 Акчабар
Атамекендик ишканалар кошумча нарк салыгынан 80%  бошотулду

КР экономика министринин орун басары Дастан Кадыров экспорт жана экспортко багытталган субъекттерди колдоо максатында салык салууга берилген жеңилдиктер тууралуу, 9 - январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтып берди. 

            I. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 4-августундагы №86 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен: 

  1. Кошумча нарк салыгынан (КНС) жана ишинен түшкөн пайдалуу салыктан төмөнкү ишкердик бошотулат:

  • айыл чарба кооперативдер;

  • машина-трактордук станциялар (МТС);

  • соода-логистик борборлор (СЛБ);

  1. айыл чарба кооператив киреше салыгынын жүгү азайтылган: ар бир жалданма жумушчуга карата Салык кодексинин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын так белгиленген суммасын жалданма жумушчулардын эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт;

  2. чарбакер субъектиси КНС төлөөчү катары катталган фактына карабастан, жеке өндүрүштүк максаттар үчүн жүзөгө ашырылуучу айыл чарба кооперативи, соода-логистиук борборлору импорту үчүн КНС төлөөдөн бошотулат;

  3. ата-мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү ишканалары кошумча нарк салыгын 80 пайызын төмөндөтүү менен төлөйт;

  4. айыл чарба кооперативдердин негизги каражаттардын импорту чектөөдөн алып ташталды (200 мин сом);

  5. жер салыгы боюнчаайыл чарба кооператив негизги иш максаттарында пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар азайтылган Кк коэффициенти 0,1 өлчөмүндө белгиленген.

  6. мүлк салыгын төлөө 50 пайыз өлчөмүндө: айыл чарба кооператив жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун негизги иш максаттарында пайдаланылган, алардын менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган имараттар, жайлар жана курулмалар.

II. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 29-июнундагы №114 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы менен: 

Өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрү боюнча преференциялык калктуу конуштарда иштерди жүзөгө ашырган жаңыдан түзүлгөн ишканаларга ишинен тушкөн пайдалуу салыктан жана сатуу салыктан бошотулган, ошондой эле жергиликтүү кеңеш жер жана мулк салыктан бошотууга укуктуу.

            Мындан тышкары тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү, жумуш орундарынын санын көбөйтүү максаттарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынды.

Мыйзам юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин ортосунда камсыздандыруу төгүмдөрү жана киреше салыгын төлөө  боюнча жүктөрүн теңдөө максатында төмөнкүлөрдү белгилейт:

- жалданган кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан ашык тигүү жана текстиль тармагында өндүрүш ишмердигин жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендерин 5 жылдык мезгилде (2019-жылдан 2023-жылга чейин) орточо айлык эмгек акынын 40% 12% өлчөмүндө.

- ар бир жалданма жумушчуга карата Салык Кодексинин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын так белгиленген суммасын.


 

Тэги: налоговые льготы Министерство экономики субъекты предпринимательства

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу