Россиядагы курулуш жана кыймылсыз мүлк тармагында эмгектенген топ-менеджерлердин эмгек акысы бир жыл ичинде 39% көтөрүлгөн. Тактап айтканда, 170 миң $ жеткен. Бул тууралуу Forbes билдирет.
Басылма Орусиянын экономика тармагындагы 12 компания жетекчилеринин эмгек акысынын өсүүсү боюнча рейтинг чыгарган. Анда курулуш жана кыймылсыз мүлк тармагында эмгектенген жетекчилердин көрсөтүлгөн 1 млрд доллар айлык акысы бул рейтингде үчүнчү орунду ээлеген.
Forbesтин маалыматына ылайык, Орусияда бардык компаниялардан алдыңкысы болуп, 2019-жылы эмгек акысы жогору болгон транспорт компанияларынын жетекчилери чыккан. Бир жыл ичинде транспорт уюмдарында эмгектенген топ-менеджерлердин эмгек акысы 500 млн доллардан 920 миң долларга чейин көтөрүлгөн.