Кыргызстан чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” өткөрүү пунктун модернизациялоону аяктады. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 11-июлдан 13-июлга чейин аталган унаа өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштырууга жана материалдык-техникалык жактан жабдууга мониторинг жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы иш-чаралар толугу менен аткарылгандыгын көрсөттү.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча отчет мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө жөнөтүлөт.
"Учурда ЕАЭБдин тышкы чек арасындагы Кыргызстандын иштеп жаткан 14 өткөрүү пунктунун 10ун модернизациялоо толугу менен аяктады", — деп айтылат маалыматта.