7-майда Улуттук банк ноталардын аукциондорун өткөрдү. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 28, 91 жана 182 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 10,21%, 10,5%, 11,37% жана 12,5%ды түздү.
Эске салсак, пландалган көлөм 16,5 млрд сомду түзгөн.