Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сокулук районунда муниципалдык жаңы мал базарды куруу долбоору менен таанышты.
Жалпы аянты 8 гектарды ээлеген мал базарынын ичине санитардык жана ветеринардык өтмөк кирет, малдарды түшүрүү жана жүктөө үчүн эстакада, 700 унаа үчүн унаа токтотуучу жай, ошондой эле 700гө жакын бодо мал жана мындан тышкары майда малдар батат.
Министрлер кабинетинин башчысы мал базардын курулушун тездетүүнү тапшырды, бул үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан керектүү жардам жана колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи.
Белгилеп кетсек, буга чейин МинКаб башчысы өлкөнүн бардык мал базарларындагы тартипти калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берген.