Жайыттарды жакшыртуу үчүн 66 тонна эспарцет үрөнү сатып алынды

11.03.2024, 13:45 Акчабар
Жайыттарды жакшыртуу үчүн 66 тонна эспарцет үрөнү сатып алынды

Кыргызстанда жайыттарды жакшыртуу максатында 66 тонна эспарцет үрөнүн сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайыттарга жайыт чөптөрү менен аралаштырып себүү үчүн Россиянын "АгроМакс" ЖЧКнан сынактык негизде 8 млн 638 миң 760 сомго 66 тонна 452 кг эспарцет үрөнү сатып алынып, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Баткен облусуна 1410 кг;
  • Жалал-Абад облусуна 25570 кг;
  • Ош облусуна 25340 кг;
  • Талас облусуна 3910 кг;
  • Чүй облусуна 10222 кг

Белгиленгендей, бүгүнтөн тарта үрөндү жер-жерлерге жеткирүү иштери уюштурулат.

Тэги: эспарцет үрөн айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу