Жалал-Абад шаарында жаңы IT борбор ачылды

11.04.2024, 11:45 Акчабар
Жалал-Абад шаарында жаңы IT борбор ачылды

Жалал-Абад шаарында жаңы IT борбор ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, мында каалоочулар программалоо тилдерин жана IT тармагындагы билим берүү программаларын үйрөнө алат.

Академия өзүнө колледж, кошумча билим берүү курстарын, стажировка жана коворкинг борборун камтыйт.

Борбор Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен “Ай Ти Ран” ЖЧКсынын ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуунун алкагында ишке киргизилди.

Анын алкагында:

  • региондо маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу;
  • заманбап IT индустриясынын талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу IT адистерин даярдоо;
  • жергиликтүү IT коомчулугун өнүктүрүү жана тажрыйба жана билим алмашуу үчүн аянтчаны түзүү;
  • IT борбор менен жергиликтүү компаниялар жана мекемелердин ортосундагы байланышты чыңдоо;
  • жумушсуздукту кыскартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү;
  • аймактын жашоо деңгээлин жана экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу;
  • коомдук жоопкерчиликти жана кайрымдуулук демилгелерине тартууну күчөтүү. пландалууда.

Тэги: айти борбор Жалал-Абад мэрия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу