Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, имарат 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы болот.
“Перинаталдык борборго бюджеттен 220 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы, чоңдор жана балдар үчүн бир-бирден өзүнчө реанимациялык блок болмокчу. Курулуш ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында бүтөт”, - деди Облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев.