Жалал-Абадда аянты 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат

27.03.2024, 11:18 Акчабар
Жалал-Абадда аянты 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат

Жалал-Абад шаарында аянты 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, соода жайы учурдагы "Телтору" ат майданынын аймагында орун алат.

Тагыраагы, калаадагы бардык базарлар бир жерге көчүрүлөт. Муну менен аймактагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатталууда.

Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар электр автоунааларын чыгаруучу заводго айланат. Мындагы соодагерлерге да жаңы базардан орун берилет.

Тэги: базар курулуш Жалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу