Жалал-Абад шаарында №1 Бабкин атындагы орто мектептин 375 орундуу жаңы корпусу ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл 130га жакын мектеп, анын ичинен Жалал-Абад облусунда 28 мектептин имараты курулуп, пайдаланууга берилди.
“Бабкин атындагы мектептин кошумча имаратын куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 59 млн 308 миң сом сарпталды”, - деп айтылат маалыматта.