Жапаров алгачкы ата мекендик автобусту кураштырган ишканага барды

15.02.2022, 16:54 Акчабар
Жапаров алгачкы ата мекендик автобусту кураштырган  ишканага барды

Президенти Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген «Белес.kg» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысына жүргүнчү ташыган «Белес» автобусун иштеп чыгуу долбоору менен алектенген компаниянын ишмердүүлүгү  тууралуу маалымат берилди.

«Белес.kg» ТС — WMI Code K59 уникалдуу кодун берген «SAE» (АКШ)  автоунаа инженерлери тарабынан тастыктама алып, бул өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан. 

Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен тыгыз байланыш түзүлүп, DAF Components (Нидерланд), ZF Friedrichshafen AG (Германия), НПП ИТЭЛМА (Россия) жана SSAB (Швеция) чет элдик компаниялар менен тетиктерди алууга келишимдер түзүлдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, нөлдөн баштап, толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады.

Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргызстандын сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.

"Дүйнөдө экологияга зыян келтирбеген транспорттун актуалдуулугун жана Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча учурдагы кырдаалды эске алуу менен компания кезектеги сыноодогу үлгүсүн электр кыймылдаткычы менен чыгарууну чечти",- деп айтылат маалыматта.

«Beles.kg»  өкүлдөрү белгилегендей, долбоор ички жана тышкы рынокко багытталган ата мекендик автоиндустрияны түзүүгө багытталган. Бул өндүрүш тектеш тармактарды тартуу жана өлкөдө кошумча жумуш орундарын түзүү менен мультипликативдик натыйжа берет деп болжолдонууда.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу