Жапаров: «Аткаминерлердин алкымын азайтуу, аларды тыштан келген инвесторлорго жолотпоо керек»

03.12.2019, 12:35 Акчабар
Жапаров: «Аткаминерлердин алкымын азайтуу, аларды тыштан келген инвесторлорго жолотпоо керек»

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк институтун өнүктүрүү толук мүмкүн. Бул үчүн аткаминерлердин алкымын азайтуу жана аларды тыштан келген инвесторлорго жолотпоо керек. Бул тууралуу тегерек столдо депутат Акылбек Жапаров билдирди. 

Анын айтымында, инвесторлор келген учурда аткаминерлер ири суммада пара талап кылышат. Мунун кесепетинен улам Кыргызстанда чон долбоорлор ишке ашпай келет. 

«Мен экономика министри болуп турган учурда, Түштүк Кореядан кукуруза өстүрүү боюнча инвесторлор келген. Бирок айыл өкмөттөр жер бөлүп берүүдө 25 жыл алдын-ала пара алууну көздөшкөн. Ошол себептен, Түштүк Кореядан келген инвесторлор кайра кетип калышкан», — деп билдирди депутат. 

Ушул себептерге байланыштуу, учурда экономика министрлиги инвесторлорду алып келүүдө, коррупциялык иштер катталбаш үчүн, атайын долбоор иштеп жаткандыгын маалымдаган. 

 

 

Тэги: ГЧП инвестиции Минэкономики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу