Жапаров: Кумтөрдөн бюджетке 220 млн доллар таза киреше түштү

15.02.2022, 11:48 Акчабар
Жапаров: Кумтөрдөн бюджетке 220 млн доллар таза киреше түштү

Кумтөрдөн салыкты эске албаганда бюджетке 220 млн доллар таза киреше түштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен Кумтөр маселеси боюнча сүйлөшүүлөр соңуна чыгайын деп калды.

“Centerra менен 15-мартка чейин тынч ажырашууну макулдаштык. Бул боюнча жакынкы аралыкта Садыр Жапаров билдирүү жасайт. Жалпысынан Кумтөргө тышкы башкаруучу киргенде анын эсебинде 48 миң доллар бар болчу. Буга чейин эле кыргыздар акыры алат деп жүрүшүптүр. Бирок алтындын баасы уламдан улам жогорулаган сайын кеткилери келбей жаткан экен. Ал эми жыл аягында 329 млн долларга чейин киреше менен жаптык. Чыгымдарды алгандан кийин бюджетке 220 млн доллар таза киреше берди”, - деди Жапаров.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы алтын ишканасы дүң кирешеге болгон 18 пайыздык салыкты толугу менен төлөп баштаганын кошумчалады.

Тэги: Акылбек Жапаров Кумтөр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу